Ысык-Көлдө пара алган прокурордун жардамчысы кармалды

 Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылы туулганК.А. 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган прокурордун  жардамчысы жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн 2 миң доллар пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүңүз