Ат-Башыда коронавирус жуктурган 77 адамдын баары айыкты

Нарын облусунун Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган 77 бейтаптатын баары айыкты. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 77 кишиден коронавирус табылган. Эми баары айыгып, акыркы бейтаптар кечээ, 22-майда, үйлөрүнө чыгарылды.

«Кубанууга али эрте. Анткени обсервацияда жаткандар бар. Мындан улам ар бир жаранды тартипти сактоого чакырам. Биз тартип менен гана бул ооруну жеңип чыгабыз», — деди Нурбек  Сатаров.

fakt.kg

Бөлүшүңүз