Оренбургдан чыккан кыргыздарга тажик жарандары да кошулуп алышкан…

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Казакстан Республикасынын жогорку жетекчилиги менен келишиминин негизинде Оренбург облусунун Бузулук районунун кире беришинде топтолгон КРнын жарандары үчүн автобустар уюштурулуп, Бишкек шаарына жөнөтүлдү.


КРнын Өкмөтү тарабынан уюштурулган 9 автобуста 417 адам жөнөтүлдү. Акыркы маалыматтарга ылайык 410 адам чек арадан өтүштү, 3 адамды россия тарабы өткөргөн жок, ал эми 4 адамды казак тарабы, анткени алар Тажикстандын жарандары болгон. Казакстан тарабынын шарты боюнча бардык чыгып жаткан жарандар медициналык кароодон өтүштү, текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарга тийиштүү маалым кат берилди. 12 айдоочу автоунаалардын тралдарга жүктөп, автобустарга түшүп кетишти. Калган айдоочулар мурунку жашаган жерлерине кайтышты.

Ошентип, Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын жарандары жок.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Оренбург облусунун губернатору Д.Паслердин жеке өзүнө жана облустун башка жетекчилерине, ошондой эле Бузулук районунун жетекчилигине Кыргызстандын жарандарына колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Коронавируска байланыштуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык россия-казакстан чек арасы эркин өтүү үчүн жабыктыгын жарандарыбызга эскертебиз. 
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги мекендештерибизди Россияда бекитилген санитардык-медициналык эрежелерди жана жеке саламаттыкты сактоого чакырабыз.

fakt.kg

Бөлүшүңүз