Атамбаев жубайы менен кучакташа албай, абалы начарлап кетти

Бүгүн, 22-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап кетти. Бул тууралуу анын баласы Сеид Атамбаев жазып чыкты.

Анын айтымында, Атамбаев бүгүн балдары жана жубайы Раиса Атамбаева менен кучакташа албай калгандыктан абалы начарлап кеткен. Алар айнек тосмо аркылуу жолугушушкан.

“Эмнеге Атамбаев  туугандары менен жолугуша албайт. Алардын баардыгынын коронавирусу жок деген  кагазы бар. Атамбаев соттон  деле 10дон ашык адамдар менен жолугушуп жүрөт. Аларда коронавирусу жоктугун далилдеген кагаз жок”,- деди Атамбаев.

Уулунун Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таянып билдиргенине караганда, абакта экс-президентке катуу моралдык кысым көрсөтүлүп жатат. Бирок ал ден соолугунун абалына  арыздангысы келбейт, бул анын принциптерине жатпайт.

«Жээнбеков менен Опумбаев баштаган бийлик муну тушүнүп, Атамбаевден анын жашоосундагы эң маанилүү нерсени — үй-бүлөсү менен өткөрө турган баалуу мүнөттөрүн  алып жатат», -деп айтылат билдирүүдө.

Сегодня, 22 мая 2020 года здоровье Алмазбека Атамбаева резко ухудшилось, ему стало очень плохо. Причиной тому…

Опубликовано Сеидом Атамбаевым Пятница, 22 мая 2020 г.

fakt.kg

Бөлүшүңүз