Дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталып, 20 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Бишкек шаары – 6 + 3 (Санкт-Петербургдан келгендер);
Чуй облусу — 1 (Соль-Илецктен келгендерден);
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 21.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 20 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1350 адамга жетти.

fakt.kg

Бөлүшүңүз