«Биздин баардыгыбызга ата-энебиз жардам берет» (Видео)

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун укту.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов прокуратура кызматкерлеринин айлыгы боюнча суроо салды.

“ Прокуратуранын кызматкерлеринин айлыгы аз. Бул маселе коррупцияга жол ачып бербейби?”, -деп кызыкты депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов “Прокуратура кызматына иштеш кыйын. Негизи оңой жумуш жок. Менин кесиптештерим убагында  300 сом айлык алып иштеп жүргөн. Ошондо да батирде жашашат. Биздин баардыгыбызга ата-энебиз жардам берет. Коррупциялык кылмыштарга аралашкандар менен аёсуз күрөшөбүз”,- деп жооп берди.  

fakt.kg

Бөлүшүңүз