Депутат: «Өкмөт кымбат баалуу кызматтык автоунааларын сатсын»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев өкмөткө кайрылып, кымбат баалуу жол тандабас автоунааларды сатып, үнөмдүү транспортко өтүүнү сунуштады.

“Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баары кымбат баалуу автоунаалар менен жүрүшөт. 60-70 миң долларлык 100 унааңарды сатсаңар бюджетке 500 миллион акча түшөт. Ал акчага 25 бала бакча курса болот. Баары бир ал кызматтык автоунаа менен Ысык-Көлгө эле барасыңар. Ошко учак менен учасыңар. Үнөмдүү автоунаага өткүлө”,- деди депутат.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз