100 миң доллар пара менен кармалган жетекчи эркиндикке чыкты (Видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев боюнча суроо салды.

«Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар», — деди Алтыбаева.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн билдирди:

«Ал буга чейинки мунапыс. Ал жерде беренелер квалификация болуп атат. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарып атат. Анан колдонуп атат».

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан эле.

fakt.kg

Бөлүшүңүз