Россияда кыргызстандыкты атып кетишти

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 жаштагы кыргыз жаранын атып кетишти.Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы кыргызстандыкты аткан 42 жаштагы Россиянын жарыны полицияга арыз менен өзү келген.Анын айтымында, кыргызстандык жигит бычак менен кол салганда, ал травматикалык тапанчадан атууга аргасыз болгон. Жабырлануучу белинен жаракат алып ооруканага түшкөн.

fakt.kg

Бөлүшүңүз