Кыргызстанда дагы бир адам коронавирустан каза болду

4-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы бейтап коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган.
Бейтапка тийиштүү дарылоо көрсөтүлгөн, бирок ага карабай ден соолугунун абалы начарлап, инфаркттын белгилери байкалган.

Бөлүшүңүз