КЛДПнын референдум тууралуу билдирүүсү

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын (КЛДП) референдум тууралуу билдирүүсү

Биз Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин Кыргыз Республикасынын башкаруу түзүлүшүн аныктоо тууралуу референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканын абдан кабатырлануу менен кабыл алдык.

Бизди чочулаткан эки чоң негиздүү себеп бар.

Биринчиси, коронавирус дүйнө жүзүн каптап, Кыргызстандын жарандарынын эле эмес,бүткүл адамзаттын коопсуздугу баарын кабатырга салган учурда жашап жатабыз. Ушундай кырдаалда референдумга тиешелүү кандай гана саясий долбоор болбосун, аны коомдук талкууга коюу орунсуз деп түшүнөбүз.

Экинчиси, эгемен Кыргызстандын башынан өткөн эки жолку элдик ыңкылап же төңкөрүш бизге тарыхый сабак берди. Эки ыңкылапка тең (2005-ж; 2010-ж) бийликтин президенттик институт аркылуу бир колго топтоп алышы түздөн-түз себеп болгон.Ошондуктан президенттик башкарууга кайтуу тууралуу долбоордун элдик талкууга коюлушу моралдык жактан да, юридикалык да жактан мүмкүн эмес.

Кризисти эл менен биргеликте жеңип, кезектеги парламенттик шайлоо өткөндөн кийин бул жаатта бир гана маселенин айланасында мыйзам долбоору болушу мүмкүн. Ал парламенттин укуктарын кеңейтүүгө багытталууга тийиш. Долбоорду иштеп чыгууга КЛДП партиясы түздөн-түз салымын кошууга даяр.

fakt.kg

Бөлүшүңүз