Бишкекте азык-түлүгү жокторго жардам берилет

Азык-түлүк жагынан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.
Ал шаардыктардан «тамак-аш, дары-дармек түгөндү, материалдык жардамды ким көргөзөт?» деген суроо көп түшүп жатканын айтты.

«Комендатура азыркы учурда тамак-аштан кыйналып жаткандарга материалдык жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды. Тизмени мэрия түзүп, мэрия жардам көрсөтөт. Азыркы тапта жардамга муктаж 15 миңдей адамдын аты-жөнү жазылган тизме түзүлдү. Иштер уланып жатат. Тамак-аш, дары-дармектен кыйналып жаткан жарандарга көмөк көрсөтүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз», — деди Орозалиев.

fakt.kg

Бөлүшүңүз