Айсулуу Тыныбекова жакында турмушка чыкпайт

Кечээ, 1-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жакында турмушка чыга турганын жарыялады.
“2020-жылы өтө турчу олимпиада оюндары жылып калгандыгына байланыштуу турмушка чыгам. Ал балбан эмес. Баары мени колдойт деп ойлойм. Коронавируска байланыштуу той болбойт”, – деп жазды ал “Инстаграмдагы” баракчасына.
Бүгүн Айсулуу Тыныбекова  1-апрель күнүнө байланыштуу элдин маанайын көтөрүү үчүн тамашалап койгондугун билдирди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз