Адамды тепкен жаран милиция кызматкери эмес

Социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча төгүндөө
Айрым маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда «Милиция кызматкери адамды тепти» аталышындагы видео тараган.
Аталган маалыматты төгүндөө жана толуктоолорду кигизүү максатында билдиребиз, жогорудагы видеодо адамды тепкен жаран милиция кызматкери эмес. Бул бууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын Басма сөз борбору билдирди.

Текшерүү көрсөткөндөй, адамды тепкен жаран «Кудайберген» базарынын күзөт кызматынын кызматкери болгон.
Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалыматты тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт.
Эскертебиз, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле, журналисттер дагы расмий жана текшерилген маалыматтарды чагылдырууну суранабыз.

fakt.kg


Бөлүшүңүз