ИИМ «милиция сойкуларды ташып жүрөт» деген маалыматка жооп берди

Кечээ, 1-апрелде милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген маалымат жарыяланган эле.

ИИМ жарыяланган маалымат боюнча билдирүү таратты. Анда, коменданттык сааттын талаптарын бузган милиция кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта, Бишкек шаарындагы коменданттык сааттын убактысында Свердлов РИИБнын ыкчам кызматкери өзүнүн жеке автомашинасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы аркылуу токтотулган. Учурда анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз