Казак бийлиги массалык түрдө айып пул сала баштады

Казакстанда мечиттен тышкары жерде динге үгүттө, адаттан тыш сакал коюга жана мектептерде жоолук салынып хиджаб никаб кийүүгө катуу тыю салды. Аткарбагандарга массалык түрдө айып пул сала баштайт. Казак республикасынын Дин иштери боюнча министри Нурлан Ермекбаевдин айтымында кимде ким адаттан тыш сакал, кызыл ашыкка жетпеген кыска шым менен жүргөндөргө жана дин жолуна үгүттөгөндөргө административдик айып салынаарын белгиледи. Алгач атайын органдар оозэки түрүндө эскертүү беришет, бирок ага да болбой үгүт иштерин уланта берсе 370 АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөйт. Бул айып суммасы кылган ишине карап 740 АКШ долларына чейин өсүшү мүмкүн. Мындан башка жоолук оронгон кыздардын ата энелерине айып пул салынат. Учурда билим берүүнү көзөмөлдөө департаменти тарабынан Ак Төбө облусунан 13 ата энеге айып салынган.
Учурда мектеп формасы эмес диниий форма кийингендин айынан 103 кыз мектепке бара албайт. Буга чейин Астана соту жоолук салынып хиджаб никаб кийгендерди токтотууга каршы болуп арыз жазгандарын арызын четке каккан. Ал эми Россияда болсо билим берүү министри мектепте жоолук салынып жүрүүгө болбойт деген чечимди колдогон болуучу.

Бөлүшүңүз