Бишкекте баш ийбегендерге табелдик курал колдонулду

“Коменданттык саат учурунда ок атылып, баш ийбей качкандар кармалды. Бул тууралуу
Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев билдирди.

“Коменданттык саат учурунда Л.Толстой-Б.Алыкулов көчөсүндөгү блок постто “Тойота-Виндом” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей качып кетип, ал Дэн Сяопин-П.Лумумба көчөсүнөн токтотулган. Кармалгандар 25-30 жаштагы эки эркек жаран мас абалында милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүштү. Буга байланыштуу, милиционерлер табелдик курал колдонуп, абага бир нече жолу ок чыгарышкан”, – деп билдирди Бишкектин комендантты.

fakt.kg

Бөлүшүңүз