Дастан Жумабеков кайрадан чуу жаратты

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалды.


2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматынан кеткен. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды.
Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген.
Ал коомчулукта талкуу жараткан спикердин одоно каталар кеткен катынан кийин кызматтан алынган.
Анда Жумабековдун кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат жөнөкөй эрежелерди сактабай, ката жазылганы соц тармактарда көпчүлүк эл тарабынан соккуга учураган.
Бирок, бул сабатсыздыгынын айынан элге шылдың болгон Дастан Жумабековдун эбин Алмазбек Сабырбеков кандай тапканы белгисиз. Төрага бүгүн анча мынча киши даай албай турган ЖКнын аппарат башчылыгына өзүнөн да сабатсыз деп кызматтан алынган кемчонтоюн дайындаптыр деген кептер айтылып жатат. Же Жогорку Кеңеш тараарда, таптакыр ашмалтайын чыгарып Жогорку Кеңеш деген сөздү укканда карапайым калктын кускусу келгендей абалга жеткирейин деген төрага Дастан Жумабековдун тымызын ою барбы.

fakt.kg

Бөлүшүңүз