Депутат: «Эркек- ушакчы болгондон көрө өлгөнү жакшы»


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Facebook соц тармагындагы өздүк баракчасына келечек муунду өз ата энелери эркелетип, жашоого болгон аракетин жоготуп , өзүмчүл кылып өстүрүп жатышат деп ,- билдирүү калтырган.


«Урматтууларым, «балдарыңарды төрөлгөндөн эле майып кылып тарбиялап атасыңар!» десем таарынасыңар. Карап көрсөңөр жан дүйнөлөрү майып. Ага өзүңөр күнөөлүүсүңөр!!! Эч ким эмес, мамлекет, депутат, министр, аким, айыл өкмөт, мугалим да эмес! Өзүңөр!
… Энесинин курсагында жатса тизелеп курсагын өбөсүңөр! Мурдунан аккан маңкасын аарчыйсыңар. Төбөңөргө көтөрөсүңөр. Оозун ача электе эле баарына даярсыңар. Жейм дегенин жедирип, барам деген жагына баргызып, алам дегенин алперип мектепке машине менен ташыйсыңар, эркелетесиңер… Классташтары менен уруша кетсе, төпөштөшүшсө ажылдап, аңкылдап келип эркек уулуна болушкан эне, аталарды көрүп кейийсиң. Балаң ошентип майып, себеби силерде. Балага сураганын бербей, бала силер сураганды, силер айтканды аткарышы керек. Керек болсо төпөштөп тур. Эркек экенин айт, намыстантат, болушпа, ыйласа кайраттуу болгонго үндө. Эркек жалгыз өзү үчүн гана эмес бүтүндөй мамлекет үчүн керек учурда башын канжыгага байлаш керек экенин мээсине миллион жолу куй. Эркек-ушакчы, ыйлаак, баканооз, сабырсыз, саткын ж.б.ж.б. жаман касиеттери үчүн өлүп калганы миң эсе артык экенин жүрөгүнө жеткир!
… Айлыгың өп , чап болсо да башкаларга атаандашып, паркка жетелеп, кафелетип, деги койчу төрөлгөндөн «жомок» жашоону тартуулагыңар келет, ал үчүн баарына даярсыңар. Ошол үчүн жан дүйнөсү майып, эгоист-өзүмчүл, чагымчыл, чын тийбес, ыйлаак, жөндөмсүз балдардын мууну каптап келатат.
… Бала чагымды көп эстейм. Жыгылсак, токмок жесек да үйгө ыйлап келчү эмеспиз. Ата, энебизге арыздангандан көрө өлүп калалы дейт элек. Бир жерибиз жарылып канап калса шилекейлеп, топурак сүйкөп, же бака жалбырак басып ойноп кетчүбүз.
… Азыр баласынын колуна тикен кирсе ооруканада медсестраларды жакалаган жаш ата, энелер көп.
… Класста балдар мушташып, мектеп терезесинин айнеги сынса да эч ким эч кимди сатчу эмес. Билем, далай жолу учительскийге кирип, далай насаат угуп, далай чындыкты талап кылышчу. Аманбековнам мугалим эле да. «Билбейм, көргөн жокмун» деп классташтардын «кылмышын» жашырып, тескерисинче тыйын чогултуп, ынтымакта айнек салып койчубуз. «Эркексиң эй!» деп классташ балдарым бүт сырларын айтышчу.
… Азыр балдар ооруканаларына барсаң, ооруган балдар көп, аллергия ж.б.ж.б. Же жаш эне, аталардын үйүнө барсаң түркүн сироптон баш айланат. Эмнеге? Көзгө көрүнгөндү жей берген, алам дей бергенден.
… Эт жеп, шорпо ичип, артынан булактын суусун ичип, (банан, мандарин, апельсин, грейпфрут, ананас ж.б.ж.б.билбей, көрбөй эле) эртеден кечке баш көтөрбөй үй жумушун жасап чоңойдук. Ата, энебиз «жаса, кыл, тиги, бу» деп көзөмөлдөбөй эле мамлекеттин жумушунда. Тазикте тал чыбыктар сууга салынып турчу, бир нерсе ойдогудай болбосо далай жолу тал чыбык бутүңарга оролгонун эстедиңерби?
… Эстесеңер уланткыла! Балдардын жан дүйнөсүн майып кылбай чоңойтуу үчүн эмне кыла алабыз?
… Эгоист, өзүмчүл бала өз башыңа гана муш. Ал кайрымсыз болот, өзүн гана ойлойт!!! Бакпай, карабай кетет…»‘-деди депутат.

Бөлүшүңүз