Ошто дарыгерлерди убара кылган жаран кармалды

Кыргызстанда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды.Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун тургуну Ош шаарында коронавирус жуктурган үй -бүлө бар деп маалымат тараткан.Дарыгерлер барып текшергенде эч кандай вирус аныкталган эмес.Кармалган жаран тиешелүү жоопкерчиликке тартылат.УКМК жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз