Атайын эсепке ким канча акча которду

Бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы күрөшүү үчүн финансы министрлигинде ачылган атайын эсепке 17 миллион 941 миң 700сом келип түшкөн. Алар: Өмүрбек Бабанов 3 миллион, Бишкек ЭЭА 2 миллион, «АС-Сафа» борбору коомдук фонду 2 миллион, Дордой менен Беш Сары, АКНЕТ, «Кулуке» ЖЧКсы, «Нурзаман» курулуш компаниясы, «Бийик» курулуш компаниясы ишканалары 1 миллион сомдон жардам иретинде которуп беришкен. Мындан башка юридикалык дагы жеке жактардан дагы ар кандай өлчөмдөгү каражаттар келип түшүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз