Үй карантинине алынган жарандарга көзөмөл жүргүзүп жатат

Бишкекте 10 мобилдүү медициналык бригада үй карантинине алынган жарандарга көзөмөл жүргүзүп жатат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Штабыдын билдирүүсүндө, мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерүүдөн өткөрдү.
«Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан 1 дарыгери жана 1 эпидемиолог бар, аларды Бишкек шаарынын мэриясы өздөрүн коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыз кылды», — деп билдирди республикалык коронавируска каршы күрөшүү штабы.
Ошондой эле, Мобилдик бригадалар компьютер жана транспорт менен камсыздалган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз