Бишкекте айдоочулар нааразы болуп жатышат

Бүгүн  айдоочулар митинг өткөрүп, мэрияга бир нече доомат коюшту.  Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтарынын бири жазып чыкты.  Бишкек жүргүнчүлөр ассоциясынын Төрагасы Алтынбек Доспаев журналисттерге:
“Бизге маршруткаларды токтотуу боюнча өкмөт менен мэриянын чечимин көрсөтпөй эле токтоткула деп коюшту. Автобустарга киши  көп түшүүдө. Эгерде маршруткаларга уруксат  берилсе дайыма машиналарды дезинфекциялап, өзүбүз бет кап тагынып иштемекпиз”-деп айткан. Андан кийин алар бат эле тарап кетишкен.


fakt.kg

Бөлүшүңүз