“Манас” аэропортунун жетекчилигине нааразычылыгын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева фейсбуктагы баракчасына Эл аралык “Манас” аэропортунун жетекчилигине нааразы болгон кайрылуусун жолдоду. Анда “ “Манас” аэропортунун жетекчилиги ал жакта иштегендерди акы төлөнбөй турган кезексиз эмгек өргүүсүнө чыгууга зордоп, ар бирин жеке чакырып арыз жаздырып кетириптирсиңер. Ал кызматкерлер эпидемия башталган учурда беткапсыз нечендеген кишилерди тосуп алышкан, силерде бет барбы. Аэропорт стратегиялык жай болгондон кийин анын кызматкерлерин кууп чыкпай, кайра күчтөндүрүш керек болуучу” деп айтылган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз