Коменданттык сааттын шарттары…(Тизме)

ИИМ министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, саат кечки сегизден эртең мененки саат жетиге чейин көчөдө себепсиз жүрүүгө тыюу салынат.Адамдардын жөө да, машине менен да ары-берүү жүрүүсү толук токтошу керек, болбосо коменданттык сааттын шартын бузгандарды милиция кармап кетүүгө укуктуу.Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандарды ички иштер органдары өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныктоо үчүн убактылуу кармай алат. Андан сырткары өздүгү аныкталбаган жарандар камакка алынат жана ошол жердин тургуну болбосо коменданттык аймактан сырткары чыгарылат.

Бөлүшүңүз