Футбол боюнча Европанын чемпиондугу 2021 –жылга артка жылдырылды

 Футбол боюнча Европанын чемпиондугу 2020-жылдан 2021 –жылга артка жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн, УЕФАнын аткаруу комитети кабыл алды. УЕФАнын жетекчилери өткөргөн видеоконференцияда чемпионаттан бөлөк иштер да сүйлөшүлүп коронавирус оорусунун жайылып кетпеши үчүн башка суроолорду да каршты. Башында белгиленгендей европанын чемпиондугу 2020-жылдын 12- июнунан 12- июлуна чейин 12 шаарда өтмөк. Бирок, бул дөйнөнү силкиндирген илдеттин айынан оюн 2021 –жылдын 11 июнунан 11- июлуна чейин өтөт. — деп белгиленди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз