Templates by BIGtheme NET

№ 50- абактан кылмышкерлер качканда жарыкты бирөө атайылап өчүргөн

Бүгүн, 11-майда № абактан качуу боюнча сот отуруму улантылды. Аталган сизомекеменин кызматкери видеокамера көптөн бери иштебей турганын, аталган чуулгандуу окуя болгондон кийин видеокамералар оңдолгонун айтты.

№ 50-абактын кызматкери Таалайбек Сартбаевдин айтымында ал ошол күнү жумушта болгон. “Менин нөөмөтүм болчу, мен 3-бийиктикте (вышка) болчумун. Ал бийиктик мекеменин арт жагында жайгашкан. Түндө ички телефон аркылуу телефон чалышып, кол салуу болгонун кабарлашты, ок атылганын уктум. Алар кылмышкерлер башкы штабды көздөй бет алышканын, балким мен жакка да келүүсү мүмкүн экенин айтышты. Мен автоматымды даярдадым, бирок эч кимди көргөн жокмун, машина кандай кеткенин да укпадым, менин бийиктигим алысм жайгашкан болчу”-деди ал.

“График боюнча бир сменага 12 киши чыгат, алардын төртөө бийиктикте турат. Ошол күнү смена боюнча чоңубуз ЖАМКнын кызматкери прапорщик маркум Туратбек Садыбакасов болчу”-деп кошумчалады ал.

Күбө катары абактын инженер-энергетиги Абай Тейтиев суракка алынды: “Бул окуя болгонго чейин 2 айдай видеокөзөмөл иштебей жаткан. Кылмышкерлер качкан түнү электр жарыгы бар болчу, бирок кылмышкерлер качкан маалда электр жарыгы белгисиз адамдар тарабынан өчүрүлгөн экен. Видеокамера көптөн бери иштебей жаткан. качантан бери иштебей жатканын так билбейм. Бул тууралуу ЖАМКнын жетекчилигине кабарлаганбыз. Азыркы учурда камералар иштеп жатат”, – деди Тейтиев.

Эдил Абдырахмановго Кылмыш жаза кодексинин 30-345, 30-97, 30, 28-97, 30-340, 30-174, 30-168, 30-172, 30, 28-226 299-2-беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Болот Курбанахунов менен Музаффар Уриновго  345, 28-97, 97, 28-97, 340, 172, 28-226, 299-2-беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Максат Абдырахманов менен Нурсият Рысбековго Кылмыш жаза кодексинин 339-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 12-октябрдын түнүндө Чүй облусунун төмөнкү Нооруз айылындагы № 50- абактан  9 кылмышкер качып, төрт ЖАМК кызматкери өлтүрүлгөн. Түрмөдөн качкандардын үчөө кайра кайтарылып, алтоо каза болгон. Алардын үчөө кармоо учурунда өлтүрүлгөн болсо, үчөө СИЗОдон жүрөгү токтоп калып каза болгон.

Тема боюнча:  Улуттук банк 700 миллион сомду кайда короткон (Видео)

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful