Табылды Акеров: «Митингдерге убактылуу тыюу салынышы керек»

Жакында болот деп айтылып жаткан митингдердин жүйөсүнө эмне дейсиз? деген Fakt.kgнин суроосуна саясат таанычу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров жооп берди.

Бүгүн протесттик саясий акция түгүл, той-тамашаларды да өткөрүү туура эмес. Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг кылышат экен дешет. 2-мартта жана 24-мартта Бакиевдик күчтөр чыгышат экен деген маалыматтар тарап жатат. Ал гана эмес 24-мартка чыккыла деп Чүй, Ысык-Көл, Нарынга акча таратып коюшуптур деп жатышат. Бул туура эмес. Ошончолук эле митинг кылгылары келишсе күн жылыганда апрелдин экинчи жарымынан кийинки күндөргө пландаштырышсын да. Бирок, азыр коронавирус тез жугуп таркай турган учурда, митинг уюштуруп, элди чогултуп эмне шам. Ошого Өкмөт өтө катуу чараларды көрүш керек. С. Жапаровдун тарапташтары абалды туура түшүнүп, алардын аракеттерин башка күчтөр пайдаланып кетпеш үчүн митинг идеяларынан кайткандары жакшы. Бүгүн бийликти бир гана маселе боюнча күнөөлөсөк болот. Өкмөт коронавирус боюнча жетиштүү кадамдарды жүргүзбөй жатат. Мындай сын туура кабылданмак. Бүгүн жеке эле УКТнын (ОПГ) мүчөлөрү менен эле иш алып барбай, жалпы калк менен иш алып барыш керек. Митингдерге убактылуу тыюу салынышы керек.

fakt.kg

Бөлүшүңүз