Россияда 35 жаштагы кыргызстандык зордукталды

Россиянын Киров шаарында 25 жаштагы кыргыз жараны мекендешин зордуктап салган. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 27-февралда полицияга жардам сурап аял кайрылган. Ал таанышы аны барымтага алганын билдирген. 25 жаштагы кыргыз жараны түн ичинде 35 жаштагы аялды үйүнө алып келип, зордуктагандан кийин чыгарбай койгон. Жабырлануучу качып чыгып, полицияга кабарлаган.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. 

fakt.kg

Бөлүшүңүз