Чүйдө күйөөсү аялын тирүүлөй өрттөп салды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда күйөөсү аялын тамакты акырын жасайсың деп өлтүрүп койгон. Бул тууралуу аталган облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы М.А аттуу жаран үйүнө мас абалында келип, аялын тамак жаса деп айткан. Ал жасап баштаганда, “тамагың эмне бышпай жатат” деп бензин чачып өрттөп салган.

Өрттөнгөн аял ооруканада каза болду.

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз