Министрлик жума намазга топтолбоого чакырды

Саламаттык сактоо министрлиги жума намазга топтолбоого чакырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.

Министр муфтиятка жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жума намазга элди топтообо сунушу менен кайрылган.

«Албетте биз намазга топтолууга тыюу сала албайбыз. Массалык иш-чараларды азайткан туура. Адамдардын аз болгону оң. Жума намазды үйдө окуса да болот», — дейт ал.

«Коронавирусту жуктурган эң көп учур Кытайда катталды. Ал жерде 78 миң 630 адам ооруп жатат. Ошондой эле Кытайда 2 миң 747 жаран каза болгон», — деп кошумчалады министр Чолпонбаев.

Белгилей кетсек, учурда коронавирусту 83 миңден ашык адам жуктуруп алды. 

fakt.kg

Бөлүшүңүз