Кыргызстанга 363 кытай жараны кайтып келди

Кытай менен чек араны ачуу коронавируска байланышкан жагдайга жараша болот. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды.

Чек араны жабуу жана виза берүү токтотулгандыгы убактылуу көрүнүш.

Учурда «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайлары жабык. Кыргыз-кытай чек арасында абал туруктуу. 28-январдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек арадан 876 кыргыз жараны өттү. Алардын көбү Кытайда окуган кыргыз студенттери, калгандары жеке иштери менен өткөн жарандар. Андан тышкары, 363 кытай жарандары үчүнчү мамлекеттен биздин мамлекетке киргендер. Алар Кыргызстандан Жаңы жыл учурунда чыгып, анан кайра ишине келген кытайлык жарандар.

Белгилек кетсек, 2019-жылы миграция кызматы Кытайдын 8900 жарынына иштөө үчүн уруксат документин берген.

Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 1953 кытай жараны жүрөт. 2020-жылдын январь айында майрамга байланыштуу 5314 кытай жараны чыгып кетке эле. 2019-жылы чет өлкөлүк жарандарга жумуш үчүн бөлүнгөн 17400 квотанын 12400ү пайдаланылды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз