4 баланын кош бойлуу энеси абакта отурат

Кыргызстандын акыйкатчысы  Токон Мамытов Октябрь райондук сотунун төрагасы Д.Назаровго кайрылуу жолдоп,  учурда СИЗО-1де камакта отурган кош бойлуу келиндин баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, жеңилдетип берүү сунуштады. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  камактагы келиндин жашы жете элек төрт баласы бар. Улуусу 7 жашта. Ал эми өзү учурда кош бойлуу. Ал балдарын өзү гана багып, каржылап келген. Ага карата
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин  204-беренесинин 1-пунктуна ылайык кылмыш иши козголгон.

fakt.kg

Бөлүшүңүз