Кубанычбек Кулматов Москвага барып келүүнү соттон суранды

Шаардык сотто Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралууда.

Үй камагына чыккан Кубанычбек Кулматов  Бишкек шаардык сотуна Россияга барып келүү үчүн өтүнүч менен кайрылган.  Бул тууралуу анын жактоочусу журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, Кулматов Москвада жашаган  ата-энесин кабар алып  келүүгө сот уруксат берген жок.  Өтүнүчкө прокурор каршы болуп, Кулматов үй камагында болгондуктан  чет өлкөгө чыгуу мыйзамсыз деп атаган. Сот өтүнүчтү четке каккан.

Эскерте кетсек, Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыгарган

Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, сот залынан үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов мени атууга кетиргиле деп билдирген.

fakt.kg

Бөлүшүңүз