Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова  Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттешинде эле жеңилди.

Турнир 62 килограммдык  салмакта башталган.  Тыныбекова биринчи кармашында эле япониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Беттешиндин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада япон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеңишти илип кетти.

Юкака Каваи финалга чыкса, Тыныбекова коло медал алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Айсулуу Тыныбекова менен япон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен.

fakt.kg

Бөлүшүңүз