Коррупциялык схема түзгөн жетекчилер кармалды

20-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери уюштурган коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2019-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмүнүн Б.У.Р. аттуу жетекчиси Мамлекеттик салык кызматынын А.С.М. аттуу кызматкери менен Кыргызстанга товарларды салык төлөмсүз жана тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча каражатын чогултуп турганы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында аталган кызматкерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз