Кыргызстанда 5600 баланын ата-энеси чет өлкөдө

Социалдык өнүктүрүү министири Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга  кеткенин, Жогорку Кеңештин “Республика –Ата-Журт” фракциясынын жыйынында билдирди.

Кочкоровдун айтымында, балдарын кароосуз калтырып кеткен ата-энелерин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.

«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда» , — дейт ал.

Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын белгиледи.

fakt.kg

Бөлүшүңүз