Бишкекте мыйзамсыз сатылган дары-дармектен абайлаңыз!

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника Департаментинин кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түшкөн.

Алар өз кайрылуусунда Бишкек шаарындагы базарлардын биринде дары-дармектер сапатын тастыктаган эч кандай докементтери жок мыйзамсыз сатылып жаткандыгын билдиришкен.

 Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган базарда тиешелүү документтери жок дары-дармектер сатылып жаткандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, дары-дармектери жана медициналык техникалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде, дарыканаларда  гана сатылуусу шарт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз