Казак бийлиги Айсултан Назарбаев боюнча пикирин билдирди (Видео)

Назарбаев Айсултандын атын жана анын абалын пайдалангандар чыкты. Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев жергиликтүү ТВга берген маегинде билдирди.

Ал Айсултандын постторуна эмес, анын саламаттыгына тынчсыздануу керектигин айтты.

«Мен бул посттор айрым адамдардын манипуляциясынын астында жазылганын так айта алам. Өкүнүчтүү, бирок бүгүнкү күндө Айсултандын атын жана анын абалын пайдалангандар чыкты. Ачык эле айтайын, ал көп убакыт бою баңгизатынын таасиринде жүргөн», — деген министр.

Эскерте кетсек, Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Улуу Британиядан башпаанек сурады.

fakt.kg

Бөлүшүңүз