Ошто адам өлтүргөн 2 окуучуга сот өкүм чыгарды

Ош шаардык соту адам өлтүргөн 2 окуучуну 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучулар 2003-жылы туулган А.И жана 2004-жылы туулган Д.Н  8-класстын окуучусун бычактап өлтүрүшкөн деп айыпталып, 10 жылга камакка кесилди. Соттолгон балдардын ата-энеси материалдык чыгым үчүн 75864 сом, моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди.

Эскерт кетсек, 2019-жылдын май айында окуучулар пикир келишпестиктен улам, чыр чыгып, бир окуучу бычакталып, ооруканада каза болгон.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз