Кытайдан 40 кыргыз жараны Бишкекке учуп келди

Казак бийлиги өз жарандарын Кытайдан алып келүүнү улантууда. Бүгүн,13-февралда Аламаты шаарына 171 адам келди. Алардын арасында 40 кыргыз жараны дагы бар. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары Бишкекке жеткирилген.

Буга чейин Казакстандын жардамы менен Ухань шаарындагы 19 кыргызстандык Бишкекке жеткирилген.

fakt.kg

Бөлүшүңүз