Баткенде депутат кесиптешин сабап салган

Баткен Облусуна караштуу Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары мушташа кетишти. Бул тууралуу fakt.kgге аталган облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-февралда Лейлек райондук милиция бөлүмүнө Катраң айылдык кеңешинин депутаты Нурдин Дүйшөбаев арыз менен кайрылып, кесиптеши Сапарали Бөрүбаев аны сабап салгандыгын билдирген.

Жабырлануучу депутаттын айтымында,  депутат Бөрүбаев анын намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, себепсиз эле сабап салган.

Тергөө иштери жүрүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз