Депутат: «Диалект менен үйүңөрдө сүйлөгүлө!»

 Депутат  Сайдулла  Нышанов  Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында диалект боюнча кайрылуу жасады.

“Бизге улуу энелерибиз, агаларыбыз кайрылып жатат. Жети дубандын эли, жети тилде сүйлөй баштады. Биз кыргыз тилин сакташыбыз үчүн, улут катары  кийинки муунга     тилди сакташыбыз керек. Тилди сакташыбыз үчүн биринчи Жогорку Кеңештин трибунасынан  сөздү бир тилде сүйлөсөк. Себеби, жети дубандан келген адистерби, жетекчилерби ар кимибиз өз тили менен сүйлөй баштаса,  акырындап барып  тилге чоң зыян келет. Эжелерибиз, агайларыбыз  азыр билинип жатат дейт. Бүгүнкү күндө теле радиодо дагы ар кандай диалект менен сүйлөгөндөр чыга баштады . Ошонун баарын эске алып тапшырма берилсе.  Азыр баардык кыргызстандыктар  үйүндө өздөрүнүн диалегинде сүйлөшү мүмкүн. Бирок жумушта башка жерлерде, жыйындарда бир тилде баарыбыз сүйлөгөнгө алып келсек. Кийин кеч болуп калат.”,-дейт депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз