Templates by BIGtheme NET

Таласта мөндүр жаап, мектеп, оорукана, ишканалар, үйлөрдүн чатырлары учуп кеткен

 

Таласта катуу шамалдын жана мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен мектеп, оорукана, ишканалар, үйлөрдүн чатырлары учуп, көчөлөрдү сел каптаган

Талас районунда алдын ала маалымат боюнча: 2016-жылдын 9-майында саат 15:2мондур0 чамасында райондун аймагында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен шамал катталды жана мөндүр аралаш нөшөрлөгөн жааган жаандын кесепетинен сел кеткен.

Шамалдын кесепетинен Көк-Ой айыл аймагынын Көк-Ой орто мектебинен болжолду 150 даана шифери жана райондук прокуратурасынын имаратынан 100 даана шифер учкан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

КР ӨКМнин Гидрометеорологиялык агенттигинин метеостанциясынын берген маалыматы боюнча: 2016-жылдын 9-майында саат 15:20 чамасында шаардын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-25 метрге чейин жеткен шамал катталган жана жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 3 турак жайга сел суулар кирген.

Шамалдын кесепетинен 2 турак жайдан 110 даана шифери учкан жана №75, 120, 126, 233, 235 жана 248- көп кабаттуу үйлөрүнүн темир чатырларын учурган.

Талас облустук ооруканасынан 4 даана шиферин жана котельнийинин темир чатырын учурган.

КР ӨКМнин №17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, сууну сордурушкан.

Нуржанов аллеясында жайгашкан Талас Мамалекеттик университетинин техналогиялык инстутунун жанында тал-терек кулап, электр чубалгыларына илинип калган. РЭС ишканасы тарабынан тал-терек кыйылып, электр энергия калыбына келтирилген.

fakt.kg

 

 

 

 

Тема боюнча:  Ошто Исхак Раззаков атындагы сейил багы жаңыланды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful