Адылбек Иманалы уулу: Ветеринардык дары-дармектердин сертификаты ар бир ветеринардык аптекада болушу керек


Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан калкыбыз дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Фермерлерибиз акыркы кездери асыл тукум мал чарбачылыгына өтүп жатат. Өлкөбүзгө кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дары-дармектер кирип жаткандыгын, аларды сертификаттан өткөрүүнүн жол жобосун билүү үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун башкы адиси Иманалы уулу Адылбекти кепке тарттык.

Адыл мырза саламатсызбы, сиздердин борбор кандай иштерди аткарат?

Саламатчылык, биздин борбор Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын каттоо менен иш алып барат. Бизге келип түшкөн ветеринариялык дары-дармектер тийиштүү эксперттерге жөнөтүлөт. Андан кийин биздин лабораториядан текшерүүдөн өтүп, сапаты тастыкталат. Лабораториябызда атайын жандыктар бар, биз аларга эксперимент жүргүзөбүз. Ошонун жыйынтыгы менен каттоо күбөлүгүн беребиз.

Сиздерден алынган сертификаттын көчүрмөсү милдеттүү түрдө ар бир ветеринардык аптекаларда болушу зарылбы?

Сиз эң туура суроо бердиңиз, сатууга келген ар бир ветеринардык дары-дармектердин сертификаты ар бир ветеринардык аптекада болушу керек. Фермерлерден суранат элек, дары алып жатканда анын сертификатын сураңыздар. Анткени, дарылар контрабандалык жол менен да келген болушу мүмкүн.
Былтыркы жылы канча дарыга сертификат бердиңиздер?

Өткөн жылы биздин борбор 147 аталыштагы ветеринардык дары-дармектерди каттоодон өткөрдү. Андан сырткары 30 аталыштагы ветеринардык дары-дармектердин каттоо документтери токтотулуп, эки тоют кошулмасы техникалык регламенттин талаптарына жооп бербегендиктен артка кайтарылды. 441 аталыштагы дары-дармектер сертификациядан өттү.
Эгерде, сиздерден каттоодон өтпөгөн дары-дармектер өлкөгө киргизилген учур аныкталса кандай чара көрүлөт?

Ветеринардык инспекция көзөмөл жүргүзүүчү орган болуп эсептелет. Биз аларга кат менен кайрылабыз, калган иштерди алар жүргүзүшөт.

Сиздерден сертификат алуунун мөөнөтү канча убакытты түзөт?

Тийиштүү документтерди топтоп келген соң, биз бир жуманын ичинде ошол дарынын шайкештик сертификатын беребиз.

Кыргызстанга былтыркы жылы кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дарылар кирди?

Биздин өлкөгө көбүнчө Россиядан, Кытайдан, Белорусия жана Украинадан көп дары-дармектер келет.

fakt.kg

Бөлүшүңүз