Журналисттерди көзөмөлдөгүсү келген депутат

«Менин оюмча биз негативдүү маалыматтарды берүү боюнча чектен чыгып кеттик. Жаман маанидеги жамандаган маалыматтардын чыгарылышына тыюу салышыбыз керек .Дубайда жаман маалыматтарды туристтерди чочутпоо үчүн көзөмөлгө алып чыгарышпайт»-деп билдирди, депутат Кубанычбек Жумалиев. Бул депутаттын оюн бир аз мурдараак анын партиялашы Акылбек Жапаров да айтып чыккан. Анын айтымында жаман маанидеги маалыматтарды орус тилинде жана интернеттен жарыялаганга тыюу салыш керек, антпесе келчү туристтери чочутуп атабыз деп билдирген. Ошондо Кубанычбек Жумалиевдин жубайы Роза Аманова экөөнүн декларацияга кирбей калган 50дөн ашык фирмалары тууралуу маалымат, жаман маалыматка киреби же кирбей калабы талаш маселе болуп калабы? Же Жогорку Кенеште байлыгын жаап жашырган депутаттар бар экенин билип калса туристтердин баары Кыргызстанга келгенден кача баштайбы?

fakt.kg

Бөлүшүңүз