Жер үй боюнча өткөн жыйын «кимдин» заказы менен уюшулган…?

Бүгүнкү жер үй боюнча өткөн жыйында көпчүлүгү улуу муундун өкүлдөрү катышты. Катышкандардын көпчүлүгү Жер үй алтын кенин иштетүү токтотулсун, мараторий жарыялаш керек деген ой пикирлерин билдиришти. Жабылсын дегендердин катарында Токтойым Үмөталиева, Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын өкүлдөрү, жарандык активисттердин айрымдары келтирген аргументтер жүйөөлүү деп табылды. Бирок “Жер үй алтын кени көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору” тегерек столунун уюштуруучуларынын ою талабы таптакыр башкада экени белгилүү болду. Себеби уюштуруучулардын айтымында алтын кени иштеш керек, бирок мамлекеттин үлүшү такталып кайсы бир талаптар аткарылган соң иштетсе болот. Коомдо өзүнүн тике ой пикири менен белгилүү болгон Токтойым Үмөталиеванын айтымында, бул тегерек стол кимдир бирөөлөрдүн, болбосо бийликтин заказы менен уюшулган сыяктуу ой калтырганын билдирди. Негизинен жалпы өткөн иш- чаранын негизинде резолюция кабыл алынып ага бир добуштан макул болушту да тарыхый сүрөткө түшүү менен тегерек столду жыйынтыкташты.

fakt.kg

Бөлүшүңүз