Момбеков: «Эки жылдан бери эки метр жер чечилген жок»

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетириш керек деп эсептейт. Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматындагы видеомаегинде айтты.

«Азыркы бийлик чек ара маселесин чече албастыгына буга чейин эле көзүм жеткен. Бул мамлекеттик саясатка көз каранды эмес, бул мамилелер саясатка көз каранды. Эки жылдан бери эки метр жерди деморкация кыла албаган өкмөткө ишеним артыштын канчалык кажети бар. Мен ошол күнү премьер-министрдин реакциясын күттүм. Баткенде кайрадан ок атылды, кайрадан элге бүдөмук салды. Премьер-министр айтат, мен катуу тапшырма бердим, күчөтүп кайтаргыла деп. Ал эми буга чейин бош кайтарып жатты беле? Чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетиргенге толук негиз бар» — деди Момбеков.

fakt.kg

Бөлүшүңүз