Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар бийликтегилердин аты аталат

Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү улантылды. Териштирүүнүн жүрүшүндө күнөөлүүлөр соттон жабырланган тарап менен сүйлөшүүнү суранышкан. Соттолуучулар менен сүйлөшүүгө барган Аида Салянованын айтымында соттолуучу Асанэмир Абыкулов менен Эрмек Осмонкуловдор жогорку кызматта турган аткаминерлердин аты жөндөрүн ачыктаарын билдиришти. Андан башка Асанэмир Абыкулов менин иним өлтүрүлгөнгө чейин, ага карата УКМК тарабынан Аида Саляновага каршы көрсөтмө бересин деп, басым жасалганын айтты. Анын айтымында, мени каралоо үчүн бүтүндөй медиагруппа иштеген- деп билдирди Аида Салянова.

fakt.kg

Бөлүшүңүз