Кыргызстандын ички жана тышкы карызы канча

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы) өлкөбүздүн финансы министрлигинин маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн күнгө карата 314 млрд 567,85 млн сом, же 4 млрд 503,48 млн долларды түзгөн.

Мамлекеттик карыздын көпчүлүк бөлүгүн тышкы карыз түзөт – 3 млрд 781,44 млн доллар, мамлекетибиздин ички карызы – 722,03 млн доллар.

Ошондо 2019-жылдын октябрына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 24 млн 583,7 миң долларга азайган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз